Депутат жогорку билими жок психологдордун иштешине тыюу салууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева жогорку билими жок психологдордун иштешине тыюу салууну сунуштады.
Ал Кыргызстанда гештальт-психологдор көбөйгөнүнө тынчсызданып, булар көзү ачыктар сыяктуу эле катмар деп сыпаттады.
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева
"Өлкөдө мындай адистикке окуткан бир дагы жогорку окуу жай жок. Анан бир ай окуп, сертификат алып эле адамдарды кабыл алып жатышат. Аларга канчалаган акчасын коротуп психологиялык жаман акыбалга түшкөн кыздар, өспүрүмдөр барат", — деди депутат.
Култаева көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу мыйзам долбооруна жогорку билими бар гештальт-психологдор гана иштей алат деп жазып коюуну сунуштады.
Мындан сырткары, парламентарий чет өлкөдөн кыска мөөнөттүү курстардан сертификат алып келгендер да бар экенин айтып, алар кыргызстандыктарга Чыгыштын же Батыштын менталитетин таңуулайт деп эсептейт.
Депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин текшермей болушту