Россия президентин шайлоо

Батыштын Россиядагы шайлоого киришкенин айыптоо керек. Федкеңеш БУУдан суранды

Кайрылууда РФтеги президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракетин "НАТО кураторлорунун түрткүсүнөн улам Киев режими да" жасаганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россиянын Федерация кеңеши (парламенттин жогорку палатасы) БУУ менен дүйнөнүн парламенттерин жамааттык Батыштын РФтеги президенттик шайлоого кийлигишкенин айыптоого чакырган кайрылуу кабыл алды.
РИА Новости Эл аралык иштер жана Мамлекеттин көз карандысыздыгын коргоо комитеттерине мындай тапшырманы мурдараак россиялык парламенттин жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенко бергенин кабарлады.
"РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеңеши БУУну, парламенттик эл аралык уюмдар менен башка мамлекеттин парламенттерин Вашингтон тарабынан координацияланган жамааттык Батыштын РФтин президенттик шайлоосун даярдоого жана өткөрүүгө жолтоо кылуу аракеттерин, андан сырткары, шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөдөгү абалды дестабилизациялоо максатында террорчулукту, экстремизмди кубаттаган кадамдарын айыптоого чакырат", — деп айтылган кайрылууда.
РФ сенаторлору палата Россия президентин шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана добуш берүүгө сырттан кийлигишүү иштери аталган өнөктүк качан болору айтыла электе эле жасала баштаганын "кескин айыптай турганын" белгилешкен.
"РФ сенаторлору АКШ жана анын сателлиттеринин РФ президентин шайлоо өнөктүгүнүн уюштурулушун айыптоо боюнча демилгесин көпчүлүк мамлекеттердин колдоодон баш тарткан позициясын кубаттайт", — деп кошумчалашкан аталган өлкөнүн жогорку парламентинен.
Кайрылууда РФтеги президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракетин "НАТО кураторлорунун түрткүсүнөн улам Киев режими да" жасаганы айтылат.
"Украинанын Куралдуу күчтөрү РФ менен чектешкен аймактардагы шайлоо тилкелерин аткылашкан, РФтин субъектилериндеги жай жарандарга каршы добуш берүү учурунда жарылуучу заттарды алып учкан дрондорду активдүү колдонушкан. Курск, Белгород облустарынын аймактарында куралдуу кол салуу аракеттерин жасап, катуу каршылыкка туш болушкан. Алардын кылмыштуу иштеринен улам жай тургундар, балдар көз жумду", — деп түшүндүрүшкөн парламентарийлер.
Россияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өттү. Бюллетендер 100 пайыз эсептелип чыккандан кийин президент Владимир Путин добуштардын 87,28 пайызын алганы белгилүү болду.
Россия президентин шайлоо
ТИМ: Батыш Россиядагы шайлоодо экстремизмдин белгилерин козгоп жатат