Арстанбаптагы эки пансионат мамлекетке өттү

Профсоюздар федерациясынын карамагындагы эс алуучу жайлар талкаланып, жараксыз абалга келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Арстанбап" пансионаты менен "Арстанбап-Ата" туристтик пансионаты мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал аталган эс алуучу жайлар президенттин тапшырмасы менен жаңыланарын белгиледи.
"Биздин миссия инвестициялык долбоорлор же өз күчүбүз менен заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, пайда алып келе турган даражада натыйжалуу иштеп кетүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет", — деп жазган ал.
Араванда 307 млн. сомдук жер объектилери менен мамлекетке кайтарылды