ЕАЭБдеги технологиялык долбоорлор үчүн ири сынак жарыяланды

Конкурска ЕАЭБге мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдары, мамлекеттик органдары, ассоциациялары жана жеке адамдар катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. "Евразиялык интеграциянын символдору" аталышындагы сынак жарыяланды. Бул тууралуу Экономика жана комерция министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, сынак технологиялык долбоорлорду табууга багытталган.
Арыздар жаңы технологиялар жаатындагы сегиз категория боюнча 30-апрелге чейин сынактын сайтында https://eurasiasymbols.asi.ru/ кабыл алынат. Ага талапкер катары концепция, ишке ашыруу, масштабдоо баскычындагы долбоорлор алына берери белгиленген.
Финалга жеткен долбоорлор өз өлкөлөрүндө (ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде) ишке ашыруу үчүн сунушталат.
ЕАЭБде роумингди тарификациялоо эрежесин кабыл алуу пландалууда