Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ЖМК: Түркияда теракт жасоого даярданган деп кыргызстандык аял кармалды

ТИМ азырынча бул боюнча маалымат бере элек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Түркияда теракт жасоого даярданган деп эки шектүү кармалды. Анын бири кыргызстандык аял экенин РИА Новости Hürriyet гезитине таянып жазды.
Маалым болгондой, күч органдары "Ислам мамлекети"* террордук тобунун болжолдуу мүчөлөрү деген эки шектүүнү аңдып, аларды Пендик районундагы батирден кармашкан. Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн жашаган жеринен милициянын жилети, кепка, рация, мылтыктын кабы, бычак жана электрондук материалдар табылган. Ошондой эле алар Түркияда теракт уюштурууну пландап жатышканы белгиленди.
"Соттун чечими менен биринчи шектүү Тажикстан жараны, 37 жаштагы Фазылджон А. камакка алынса, анын шериги деген 41 жаштагы Зульфия С. аттуу кыргызстандык аял Түркиядан депортацияланды", — деп айтылат маалыматта.
Басылма жазгандай, учурда тергөө шектүүлөр ИМ* террордук тобунда кимдер менен байланышканын аныктап жатат. Өткөн аптада Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая "Ислам мамлекети" террордук тобуна тиешеси бар деген 200гө жакын шектүү кармалганын билдирген. Ушундай эле операциялар Түркияда да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча бул боюнча маалымат бере элек.
* Кыргызстанда, Россияда жана бир нече мамлекетте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Сот “Крокустагы” терактыга онунчу шектүүнү камакка алды