БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Туристтик сезондо Ысык-Көлдөгү бардык пансионаттарда медициналык пунктулар ачылып, ал жакта дарыгерлер иштеши керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.
"Бул сөзсүз болушу керек. Азыр муну киргизип жатабыз, ишти Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлдөп турат", — деди министр.
Ал ошондой эле эс алуу борборлорунда текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди. Мындан тышкары, министрлик туристтердин саны көбөйүп жатканына байланыштуу ири курорттордо фельдшердик-акушердик пунктуларын (ФАП) ачууну көздөп жатканын айтты.
"Ысык-Көлгө келген туристтердин саны жыл сайын өсүп жатканын эске алып, ФАП ачып жатабыз. Туристтик сезон башталганга чейин Тамчы айылында амбулатордук пункт ачылат. Андан соң Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Ананьево айылында пайда болот", — деди Бейшеналиев.