Россиянын Ил-114-300 аба кемеси сыноодон өттү. Мүнөздөмөсү

Россиянын аймагында чогултулган Ил-114-300 аба кемеси алгачкы сынамык учуудан өттү. Учак асманда 40 мүнөткө жакын жүргөн.
Sputnik
"Россиялык өндүрүштөн чыккан самолет саатына 230 чакырымга чейин 900 метр бийиктикте учуп, бекемдиги жана абадагы башкаруу жеңилдиги, системаларынын, жабдууларынын туруктуу иштей алышы сыноого алынып, текшерүүдөн өттү", — деп аскердик баяндамачы Александр Хроленко айтып бергенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Россиянын аймактык жаңы Ил-114-300 учагы — Ил-114 аба кемесинин жаңыланган версиясы. Ага 68 жүргүнчү батат, тагыраагы, 6,5 тонна жүктү көтөрө алат. Экипажы эки кишиден туруп, 2000 чакырымга чейин учат.
Катаал климаттык шартта, Россиянын алыскы аймактарындагы (Арктиканы кошкондо) учуп-конуу тилкеси атайын даярдалбаган, жөнөкөй жердеги аэродромдорго конууга жөндөмдүү, автономдуу башкарылат.
Жаңы Ил-114-300 аба кемелеринин ар кыл модификацияларын түзүүгө ылайыкталган универсалдуу платформа экенин айтышты.