Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Москвада кыргызстандык жаран терроризмди ачык актоого айыпталып кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Москвада "Крокус сити холл" концерттик залында болгон теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн Кыргызстандын жараны кармалды. Маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Билдирмеге караганда, А.Ж.А. аттуу мекендешке Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Терроризмди ачык актоо") боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргызстандын элчилиги иштин жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн Россиянын тергөө органдарына суроолорду жөнөткөнү белгиленди.
Ошондой эле зарыл болгон учурда консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрү айтылды. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турат.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ЖМК: Түркияда теракт жасоого даярданган деп кыргызстандык аял кармалды