Путин Россияга кирген мигранттар кандай эрежелерди сакташы керектигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россияга анын каада-салтын, тарыхын, тилин сыйлагандар келсин, бул негизги принцип болушу керек. Бул тууралуу президент Владимир Путин Россиянын Ички иштер министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биздин салт-санаабызды, тилибизди, маданиятыбызды, тарыхыбызды сыйлагандар гана Россияда жашап, иштей алат деген принцип болушу керек", — деген ал.

Ошол эле учурда Путин "Крокус сити холлдогу" трагедиялуу окуя улуттар аралык кастыкты, ксенофобияны, исламофобияны жаратпашы керектигин белгиледи.
Россияда эмгек мигранттарын ишке алгандарды көзөмөлдөгөн мамлекеттик уюм түзүлөт