Араванда 307 млн. сомдук жер объектилери менен мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. УКМК Ош облусунун Араван районундагы стадиондун 307 миллион сомдук жарым гектарга чукул жери мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Маалыматка ылайык, жер тилке мыйзамсыз менчикке өтүп кеткени аныкталган

2 / 2

Ошондой эле аталган жер тилкенин базар баасы 307 миллион 135 миң сом экени кошумчаланган

Маалыматка ылайык, жер тилке мыйзамсыз менчикке өтүп кеткени аныкталган.
"2001-жылы Араван айылдык кеңеши лицей жана спорт комплексин куруу үчүн Аравандагы стадиондун 0,46 гектар жерин жеке жактарга бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгаргандыгы такталды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган жер тилкенин базар баасы 307 миллион 135 миң сом экени кошумчаланган.
Караколдо "Бугу" жана "Макиш" базарларынын ээси кармалып, мүлкү мэрияга өттү