Кыргызстан малайзиялык компания менен алтын буюмдарын чыгарууну көздөөдө

Кулубаев ошондой эле кендерди биргелешип иштетүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзиядагы алтын жана күмүштөн баалуу буюмдарды өнөр жайлык масштабда сатуу жана чыгаруу менен алектенген Public Gold компаниясына барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Кулубаев расмий сапарынын алкагында малайзиялык компания менен кыргыз компанияларынын ортосунда Кыргызстанда алтындан жасалган буюмдарды өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин талкуулаган. Ал ошондой эле өлкө кендерди биргелешип иштетүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирген.
Public Gold 2008-жылы баалуу металлдарды сатуучу компания катары ишин баштаган. Ишкана соодагерлерди 916 жана 999,9-үлгүдөгү таза күмүш жана алтын менен гана камсыз кылбастан, өндүрүштүк, корпоративдик керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн да алтын буюмдарын сунуштайт.
Кыргызстанда мамлекеттик баалуу кагаздарды тиркеме аркылуу сатып алса болот