БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Өлкөнүн консолидацияланган бюджетин 600,7 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда туруктуу агроөнөр жай секторун түзүүгө арналган агрардык форумда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Минкаб төрагасы болжол боюнча 2024-жылга карата ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүү темпи 6 пайыз деңгээлинде болорун белгиледи. Анын айтымында, былтыр консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомду түзсө, быйыл 600,7 миллиард сомго жеткирүү пландалууда.
"Айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 2,8 пайызга өсүүсү күтүлүүдө, анткени өсүмдүк өстүрүү 2,7 пайызга, мал чарбасы 2,2 пайызга жогорулайт", — деди ал.
Жапаров элди жеткиликтүү баада сапаттуу продукциянын болушун камсыздоо үчүн азык-түлүк баасынын туруктуулугун камсыз кылуу өзгөчө маанилүү экенин кошумчалады.