Биринчи айымдын фонду миңден ашуун балага бут кийим, кийим-кече тапшырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги канайым жетектеген "Эне — балага тирек" коомдук фондунун колдоосу менен муктаждарга жардам берди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарованын фонду миңден ашуун балага бут кийим жана кийим-кече тапшырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
1 / 5

Биринчи айым Айгүл Жапарованын фонду миңден ашуун балага бут кийим жана кийим-кече тапшырды

2 / 5

Маалыматка ылайык, жардам алуучулардын тизмесине ата-энеси жок жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары кирген

3 / 5

Ак-Суу районундагы 1 100дөн ашык балага кийим-кече жана бут кийим тапшырылды

4 / 5

Айрымдар спорттук бут кийимдерди дароо кийип алганы өзгөчө кубаныч тартуулады

5 / 5

Буга чейин 2,3 миңден ашык улгайган жаран, майыптар, психоневрологиялык оорусу барлар жашаган министрликтин 17 социалдык стационардык мекемесине дал ушундай жардам берилгени кошумчаланды

Маалыматка ылайык, жардам алуучулардын тизмесине ата-энеси жок жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары кирген.
"Ак-Суу районундагы 1 100дөн ашык балага кийим-кече жана бут кийим тапшырылды. Айрымдар спорттук бут кийимдерди дароо кийип алганы өзгөчө кубаныч тартуулады", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 2,3 миңден ашык улгайган жаран, майыптар, психоневрологиялык оорусу барлар жашаган министрликтин 17 социалдык стационардык мекемесине дал ушундай жардам берилгени кошумчаланды.
"Социалдык келишим" долбоорун тандоодогу критерийлер аталды