Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Татарстандын Елабугасына жасалган дрон чабуулунан кыргызстандык жабыркады

Кол салуудан ишканалардын технологиялык процесси үзгүлтүккө учураган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Татарстандын Елабуга шаарындагы объектилерге болгон пилотсуз аппараттын кол салуусунан Кыргызстандын 17 жаштагы И.А.Б. аттуу жараны жабыркаганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин чабуул тууралуу маалымат тарап, андан алты адам жаракат алганы маалымдалган. Анын үчөө үйлөрүнө жөнөтүлүп, калганы ооруканага жаткырылган болчу.
ТИМ Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жаракат алган кыргызстандыктан кабар алуу үчүн аталган калаага бара жатканы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Тарыхтагы ири талкалоо. АКШда Россия Украинаны эмне кылганын айтышты