Дүйнөлүк банк Кыргызстанда табигый кырсыктарды алдын алууга 52,4 млн доллар бөлөт

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө туруктуу агроөнөр жай секторун түзүүгө арналган агрардык форумга катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Форумда өкмөт менен Дүйнөлүк банктын ортосунда өлкөдө ландшафттарды калыбына келтирүү үчүн 52,4 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ал акчага селди алдын алуу үчүн Кара-Дарыя, Кара-Үңкүр, Жазы, Араван-Сай жана башка дарыяларга дамба коюлуп, жээкти бекемдеген курулуш иштери жүргүзүлүп, атайын техникалар алынмакчы.
"Бул долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы менен 10 миңге жакын кожолук сакталып, болжол менен 82,9 миллион доллар өлчөмүндөгү экономикалык жоготуулар алдын алынмакчы", — деген Жапаров.
Форумда Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Айыл чарба министрлиги тарабанын 11 машина-трактор станциясы ачылып, 16 ири инфраструктуралык объект ишке киргизилерин белгилеген. Мындан тышкары, Ош жана Чүй облустарында соода-логистикалык борборлор ишке кирип, Чүйдө консерваланган варенье түрүндөгү жемиш азыктарын өндүрүү, Москва районунда "Кыргыз продуктусу" долбоору иштей турганын кошумчалаган.
ӨКМ казак кесиптештерине селдин кесепетин жоюуга жардам сунуштады