"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат

Кытайда маркумдарды эскерүү күнү белгиленмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттерди жабуу Кытай тараптын демилгеси.
"Кытайда Цинмин — маркумдарды эскерүү күнүнө карата "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттери 4-апрель күнү жабык болот. Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 5-апрелде калыбына келтирилет", — деп айтылат маалыматта.
"Торугарт", "Эркеч-Там" бекеттеринде бажычылар күнү-түнү иштей баштады