Борбор Азия өлкөлөрү 30 жылдан ашуун убакыттан бери өнүгүүгө тирөөч боло турган өзөк менен кошо тышкы саясатынын жаңы векторлорун да аныктап алууга аракет кылып келди. Көп векторлуулук мамлекет регионалдык жана дүйнөлүк саясатта өзүнүн орду менен ролун таанып-билгенден кийин пайда болот. Аныктамаларынын бири мындай: континенттин борборундагы чакан өлкөлөр жайгашкан аймагын алака-катышта болушунча пайда көргүдөй колдонот.
Вектор иллюзиясы
Көп векторлуу саясат Батышта "Борбор Азия феномени" деп аталып, дароо колдоо тапканы менен "ири державалардын үстөмдүгү артып турган шартта аргасыздан жасалган кадам жана региондогу чакан өлкөлөрдүн күн көрүшү үчүн жалгыз жол" деген тактоо киргизилди. Батышта көп векторлуулук Россия менен Кытайдан коргонуу катары кабылданганы жашыруун эмес. Анткен менен Борбор Азия өлкөлөрүнө коңшулары эч кандай кооптуулук жараткан жок, тескерисинче, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУнун алкагында кызматташуу менен интеграциянын жаңы формалары түзүлүп, алака бекемделип жатат. Буга чейин Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери ар тараптуу байланыш түзүп келгени менен чечим жамааттык Батышта кабыл алынып, жамааттык Батыш дүйнөнүн чордону сымал эле. Ким менен кантип ымала түзөрүңдү өзүң аныктап жаткандайсың, бирок маселенин ток этерин Батыш айтчу. Айтор, иллюзия. Көп векторлуулуктун башкы өзгөчөлүгү ушунда окшобойбу.
Анткен менен көп векторлуулук Борбор Азиянын табигый географиялык шартын жоюп сала албайт. Тышкы саясаттагы векторлорду каалаганча талкуулай бергенибиз менен, мисалы, соода-сатык, энергетика же транспорт жаатында анык бир маселени чече албаса алардын бир тыйынча да пайдасы жок.
Борбор Азия транспорт, соода-экономикалык жана энергетикалык багытта биринчи кезекте Россия жана Кытай менен тыгыз байланышта. Ушуга чейин регион аталган эки державанын таасиринен оолактамак тургай өз ара кызматташууну бекемдөөнүн үстүндө болду. Бул жаатта региондун өлкөлөрү көп векторлуу экономикалык мамилени өнүктүрүп жатат, алыстыгына карабай Батыш менен да жигердүү иштөөдө. Бул көйгөй эмес, тагыраагы, көйгөй мында эмес.
Батыш көп векторлуулук деп БА мамлекеттеринин саясий жана башка милдеттерди моюндашын түшүнөт сыяктуу. Башкача айтканда, Батыш иши кылса Россия менен Кытайдан алыстата турган саясий багыттын баарын колдойт, анын пайда-зыянына карабайт. Көп векторлуулуктун идеясы көптөн бери, тээ эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан тарта эле сиңирилип келе жатат. Анткен менен бул башкаруу куралы экенин, үстөмдүк кылган бир держава ошол векторлордун баарын өзүнө ылайыктап аныктай турганын түшүнүшүбүз керек. Андан бери далай суу акты, плюрализмге кенен жол ачып бердик.
Дүйнөнүн жаңы борборлору
Дүйнө көп полярдуулукка бет алды. Бул — ой келди айтылган сөз эмес, жүрүп жаткан кадимки процесс. Батыштын дүйнөгө үстөмдүк кылуу аракетине каршы туруп, уникалдуулугу менен көз карандысыздыгын сактап калууга жан үрөгөн мамлекеттердин саны барган сайын көбөйүүдө. Бул өлкөлөр келечекти гана эмес, жалпы адамзат цивилизациясынын өнүгүү векторун аныктаган жаңы, ар тараптуу эрежелерди түзүшүүгө умтулуп жатышат.
Жаңы дүйнө кандай болот? Батыштагы тар чөйрөгө баш ийген мамлекеттердин жыйындысынан куралабы же эл аралык мамилелердин тарыхында биринчи жолу көпчүлүктүн кызыкчылыгын эске алган эрежелер менен принциптер жаралабы? Кандай болгон күндө да бурулуш жасай турган тарыхый учур жакын калганы анык болуп калды.
Бүгүнкү күндө Батышка экономикалык эле эмес, технологиялык, аскердик жана идеологиялык жаатта да альтернатива бар экенин Латын Америкасы менен Африка, Жакынкы Чыгыш жана Азия жакшы түшүнүп калды. Дал ушул жагдай азыркы тапта дүйнөлүк өнүгүүнүн негизги тенденциясы болуп саналат. Ал альтернативаларды Россия менен Кытай да түзүп жатат, эки державанын ири экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү демилгелөөгө кудурети жетет. Бул мамлекеттердин эл аралык жана саясий салмагы глобалдуу финансылык жана соода-экономикалык өнүгүүгө таасир эте алат. Анткени дал ушул эки өлкө жаңы эл аралык финансылык жана соода-экономикалык эрежелерди түзгөн БРИКС уюмунун кыймылдаткыч күчү. Быйыл аталган уюм кеңейгенин да эске сала кетели.
Ал арада Кытайда өткөн Боао форумунда Казакстандын президенти (региондон форумга чакырылган жалгыз өлкө башчы) Азия мамлекеттериндеги ИДПнын өсүү темпин, технологиялык борборлордун өнүгүүсүн белгилеп, аны "Азия ренессансы" деп атады. Мындан тышкары, "дүйнө адилеттүүлүк жана ачык-айкындуулукка негизделген жаңы көп тараптуу соода системасына муктаж" экенин белгиледи. Казакстан дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөргө өз убагында жана прагматикалык реакция жасаганы менен өзгөчөлөнүп, көп векторлуулукту тышкы саясатыбыздын визиттик картасы катары калыптандырып келе жатат. Демек, Казакстандын тышкы саясатынын азиялык вектору БРИКСке мүчө болуу арызын бергенден кийин күчөй берери бышык.
Кандай болгон күндө да Борбор Азия үчүн экономикалык, технологиялык, идеологиялык жана маданий өнүгүү жаатында Батыш үлгү боло албай турганы талашсыз. Либералдык баалуулуктарды карманган Европа коомчулугу деградацияланып жаткан чакта экономикалык каатчылык улам тереңдөөдө. Өзгөчө Европа экономикасынын өзөгү делген Германия менен Францияда абал курч. Мындан улам апрелде өтө турган ЕБ — Борбор Азия саммитинен деле көп нерсе күтүүнүн кереги жоктой.
"Алтын миллиарддын" кыйроосу
1999-жылы НАТО Югославияны бомбалай баштаганда Батыш абдан кубаттуу эле, башкы атаандашы Россиянын алсыздыгын жана Европанын чок ортосунда согуштук аракеттерин баштап өзүнүн күчүн көрсөтүүнү чечкен. Югославиянын жок болушун Батыш кулачы Афганстан менен Иракка чейин жеткен Батыш цивилизациясынын үстөмдүгү таанылган "алтын миллиарддын" доору катары кабыл алган эле. Балким, кыска убакытка ошондой болгондур. Бирок бул апааттуу мезгил адамзат тарыхында аскери менен технологиясынын күчүнө таянып, башка мамлекеттерди ага кубат берүүчү ресурс катары караган кооптуу "алтын миллиард" концепциясынын кыйроосунун башталышы катары калат.
Россия президенти Владимир Путин "алтын миллиард" 500 жыл бою мите курттай жайылып, бүтүндөй дүйнөлүк финансылык система бир ууч өлкөнүн кызыкчылыгына иштеп келгенин бир нече ирет айткан. "Жүздөгөн жылдар бою адам канын ичип, чөнтөгүн акчага толтуруп келишти" деген РФ лидери.
Тагдыр чечкен тандоо
Албетте, эки тизгин, бир чылбырды жамааттык Батыш "ме" деп эле кармата калбайт. Күрөш жүрө турчу аймак Украина эле эмес, Белгород, Донецк, керек болсо жакында эле каргашалуу терактыны башынан кечирген Москваны да камтыйт, аны көрүп жатабыз. Эл аралык мамиледеги өткөөл учурда АКШ башында турган жамааттык Батыш жана эркин мамлекеттерден турган көпчүлүк болуп эки система иштээрин да божомолдосок болчудай. Албетте, мындай жагдайда көп векторлуулук бүгүнкү күндүн реалдуулугуна шайкеш келе албайт.
Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы саясаты 30 жылдан бери далай сыноону башынан кечирди, жеңиши да көп болду, жан кейиткен учурлары да катталды. Кайсы бир мезгилде көп векторлуулук жаркын келечекке жетелеген шумдуктуудай ийгилик катары кабылданчу эле. Бирок эл аралык саясат тандоону ар ким өзү үчүн жасашы керек болгон катаал прагматикалык дүйнө экенин жадыбыздан чыгарбашыбыз керек.