Бишкектин айрым аймактарында 4-апрелде суу болбойт

Борбор калаанын аймактарында түн жарымына чейин таза суу токтотулат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Гагарин", "Юго-Западный" суу алгычтарында жана шаардык суу тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Натыйжада Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, Жумушчу шаарчасы, Теңир-Тоо, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарындагы (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк жагы) турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерде саат 9:00дөн 24:00гө чейин суу болбойт.
"Бишкек суу канал" мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат. Тизме