БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте жеңил өнөр жай тармагындагы аутсорсинг боюнча эл аралык "Bee-Together Кыргызстан" көргөзмө-платформасы өтүп жатат.
Иш-чара 5-апрелге чейин уланат. Аны "Евразиялык бизнес-клуб" ассоциациясы Россиянын мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясы менен биргеликте Кыргызстандын Экономика министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосунда уюштурган. Анда Кыргызстандын алдыңкы тигүүчү жана трикотаж ишканалары, текстиль жана аксессуарларды жеткирүүчүлөр жарнамаланат. Потенциалдуу кардар катары эл аралык жана россиялык бренддер жана кийим-кече дүкөндөрү, базар сатуучулары, сатып алуучулар жана КМШнын жеңил өнөр жай рыногунун башка өкүлдөрү чакырылган. Анын ичинде O"stin, Familia, "Пеплос", "Каляев" жана Trends Brands катышары күтүлүүдө.
2-апрелде "Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагынын бүгүнкүсү жана келечеги. Мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар" форуму болуп өттү. 3-4-апрелде алдын ала түзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн графиги боюнча Россия, Кыргызстан жана Казакстандын мода бренддеринин өкүлдөрү менен фабрикалардын ортосунда B2B жолугушуулары болот. 5-апрелде сатып алуучулар Бишкектеги завод-фабрикаларды кыдырышат.
Көргөзмө тууралуу кененирээк маалыматты bee-together.kg сайтынан тапса болот.
Bee-Together – Россиянын жана КМШнын жеңил өнөр жайындагы эң ири B2B платформасы, заводдорду бренддер, чекене сатуучулар, корпоративдик кардарлар менен байланыштырат. 2023-жылдын июнь жана ноябрь айларында Москва шаарында өткөн Bee-Together 15 жана 16-чыгарылышына Кыргызстандын тигүү жана текстиль өнөр жайындагы 50 өндүрүштүк компаниясы катышып, бул платформанын экспортту илгерилетүү боюнча жогорку көрсөткүчтөрүн белгилешти.