Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга чакырды

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жапаров Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
"Президент эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин белгилеп, кыргыз тарап Түркия лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
ЖМК Эрдогандын мураскери ким болушу мүмкүн экенин жазды