ЕАЭБ министрлери биримдиктин жалпы энергорыногун түзүүнү талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. ЕАЭБ министрлери биримдиктин жалпы энергетикалык рыногун түзүүнү талкуулашты. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев
Анда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев энергоресурстардын жалпы рыногун түзүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо ЕАЭБдин бирдиктүү жана маанилүү милдети болуп саналарын белгилеген.
"Макулдашыла элек маселелерди кароо боюнча жакынкы күндөрү жыйын өткөрөбүз", — деген Кожошев.
Министрлер биримдиктеги газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүү сыяктуу эл аралык келишимдерди даярдоодогу айрым аспектилерди да талкуулашкан.
Аталган жыйында Арзыбек Кожошевге Россиянын Энергетика министрлигинин "Отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" медалы тапшырылды.
Кыргызстан ЕАЭБ талабына ылайык өткөрүү пунктуларын модернизациялап бүттү