Радио

Жаманкулов: туризмди инвестиция тартуу менен гана өнүктүрө алабыз

Мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, туризм багыты боюнча эксперт Азамат Жаманкулов туризмдеги тейлөө, инфраструктура, мейманканалар, кадрдык ресурс өнүгүүнүн баштапкы гана тепкичинде турганын айтты.
Sputnik
Инвестиция тартуу менен гана туризмди өнүктүрө алабыз. Эгерде ири мейманкана курулса анын айланасында шарты түзүлөт, кызматкерлери даярдалат, кызмат көрсөтүү сапатына көңүл бурулат. Демек, инвестиция үчүн бардык ыңгайлуулукту түзүп, аны коргоого алганда жылыш болорун Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туристтик аймактарда беш жылдыздуу отелдер, мейманканалар, эс алуу жайы курулбаса көп акчасы бар адам келбейт.
"Инвестиция тартуу менен гана туризмди өнүктүрө алабыз. Өлкөдө ири мейманкана курулса анын айланасында шарты түзүлөт, кызматкерлери даярдалат, кызмат көрсөтүү сапатына көңүл бурулат. Ошол деңгээлге жараша тамак-ашы даярдалат, стандартка ылайык тосуп алуу, узатуу болот. Демек, инвестиция үчүн бардык ыңгайлуулукту түзүп, аны коргоого алганда жылыш болот. Бизде тейлөө, инфраструктура, мейманкалар, кадрдык ресурс өнүгүүнүн башкапты гана тепкичинде турат. Мисалы, Ысык-Көлдө төрт же беш жылдыздуу отелдер, мейманканалар, эс алуу жайлары таптакыр жок. Колунда бар адам келбейт", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле адис Кыргызстандын туристтик аймактары бири-биринен айырмаланып өзгөчөлөнгөнү менен чет элдиктерге кызыктуу экендигин кошумчалады.