Кыргызстандын КМШнын экономикалык комиссиясындагы өкүлү алмашты

Айгүл Рыскулова бул кызматты 2020-жылдан бери аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Айгүл Рыскулова КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Финансы-экономика кызматынын отличниги, мамлекеттик кызматтын I даражадагы кеңешчиси Улукбек Кармышаков
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен бул кызматка Улукбек Кармышаков дайындалды.
Кармышаков 1963-жылы 22-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. Финансы-экономика кызматынын отличниги, мамлекеттик кызматтын I даражадагы кеңешчиси.
Кармышаков Улукбек Тойчуевич — өмүр баяны