Үч округда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого 42 адам арыз берди

БШКда талапкерлерди каттоо процесси башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Баткен, Кара-Суу жана Ош шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктаганын БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, үч округда өтчү шайлоого катышууга 42 адам арыз берген.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке аталган үч округдан шайланган депутаттар Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов Райым Матраимов менен байланышы бар деп мандатынан ажыратылган. Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алууну токтотуп, талапкерлерди каттоо процессин баштаганын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты болууга белсенгендердин саны:
Баткен округу боюнча — 12 талапкер;
Кара-Суу округу боюнча — 12 талапкер;
Ош округу боюнча — 18 талапкер, анын ичинен экөө — аял.
Райым Матраимовдун үч бир тууганы дагы камакка алынды