Тартип сакчыга кол көтөрүүгө тете. Министр медиктердин токмоктолушу тууралуу

Дарыгерлердин укугун коргой турган мыйзам кабыл алынса ак халатчандарга кол көтөргөндөрдүн жазасы катаалдай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Дарыгерлерди уруп-согуу кызматтык милдетин аткарып жаткан тартип сакчыга кол көтөргөнгө барабар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстанга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, дарыгерге кол көтөргөн адам мыйзам чегинде жоопко тартылат.
"Бейтаптардын жакындары ур-токмокко алган врачтардын 90 пайызы бул туурасында унчукпай, окуя көмүскөдө калып кетет", — деди министр.
Белгилей кетсек, бир нече жолу медиктерге кол көтөрүүдөн кийин ЖКнын депутаттары тийиштүү мыйзамды катаалдатууну сунуштаган. Ага ылайык, медиктерди келекелеп, кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ошондой эле ак халатчандарды коркутуп-үркүтсө 20-50 миң сомдук айып салып, 2 жылга чейин эркинен ажыратууну көздөп жатат. Эгер өмүрүнө коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтсө 50-100 миң сомдук айыпка жыгып, 5 жылга камоо каралган.
Жалал-Абадда реанимацияда жаткан өспүрүм кыздын агасы дарыгерди сабап салды