Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Сот “Крокустагы” терактыга онунчу шектүүнү камакка алды

Юсуфзода терактыга чейин кылмыш жасагандардын бирине банк картасы аркылуу акча которгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Басман соту "Крокус сити холлдогу" терактыга айыпталып жаткан онунчу адам Якубжони Юсуфзоданын баш коргоо чарасын карап, 22-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Юсуфзода сот менен котормочу аркылуу сүйлөшкөн. Ал сурак учурунда Тажикстандын жараны экенин, үй-бүлөлүү, үч баласы бар экенин билдирген. Айыпталуучу камакка алынганга чейин курулушта жумушчу болуп иштегени, бирок ишке расмий кирбегендиги айтылды. Ошондой эле Россиядагы дарегин эстей албагандыктан, ал РФте убактылуу каттоодон өтүшү мүмкүн деп божомолдонду.
Сот процесси тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча жабык эшик артында өткөн.
Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Юсуфзода терактыдан бир нече күн мурун “террорчулардын жашоосу үчүн” банк картасы аркылуу шеригине акча которгон. Акчанын бир бөлүгү теракт жасагандардын бирине кылмыштан кийин которулган. Ушуну менен бул иште он адам айыпталууда. Алардын бардыгына уюшкан топтун курамында адам өлүмүнө алып келген теракт (РФ Кылмыш жана жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн "б" пункту) боюнча айып тагылууда. Бул беренеде өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.
Мындан тышкары, калаадагы сот иштеринин картотекасы боюнча, Юсуфзода 26-мартта документтерди текшерүүдө милицияга баш ийбегени үчүн Москва соту тарабынан 12 суткага камакка алынганы айтылды.
2024-жылдын 22-мартында кечинде "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Соңку маалыматтар боюнча, кандуу калабадан 144 адам көз жумган.
Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 9 киши камакка алынган эле. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.
* Кыргызстанда, Россияда жана бир нече мамлекетте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Москва Киевден терактыга катышы барларды камоону талап кылды