ӨКМ казак кесиптештерине селдин кесепетин жоюуга жардам сунуштады

Казакстанда жылуу аба ырайынан улам дарыялардагы суу көтөрүлүп, айыл-кыштактарын суу каптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргыз куткаруучулары Казакстандагы селдин кесепетин жоюуга көмөктөшүүнү сунуштады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, казак тарап кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык билдирип, өз күчү менен жетишерин айткан.
"Учурда акырындык менен абал турукташууда. Эгерде абал оорлошо турган болсо сөзсүз кайрылабыз", — деп жазылат Казакстан ӨКМинин маалыматында.
Эске салсак, 29-мартта Казакстандын аймагын суу каптап, кырсык кеминде жети облуска жайылган. Натыйжада 11 миңден ашуун адам эвакуацияланып, миңдеген курулуш талкаланган.
Катуу шамалдан Бишкек, Чүй, Таласта 10 адам жабыркап, 154 объект зыянга учурады