Кара-Сууда инисин өлтүрдү деп айыпталган 18 жаштагы кыз камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ошто инисин өлтүргөн деп айыпталган 18 жаштагы кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Шаардык сот А.А. аттуу шектүүнүн баш коргоо чарасын тандады. Ага ылайык, ал 25-майга чейин камакта болот.
Эскерте кетсек, Кара-Суу районунда 10 жаштагы баланын өлүмү катталган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, баланын мойнуна учтуу нерсе менен урулган. Кылмышка маркумдун өспүрүм эжеси айыпталууда.
Шаардык сот Чынтемир Аширалиевди өмүр бою абакка кесүү чечимин күчүндө калтырды