Радио

Эми өлкөгө келген туристтер өмүрүн жана саламаттыгын камсыздандыра алат

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков аталган ишкана көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрүн кеңейтип жатканын айтты.
Sputnik
Ушу тапта чакан кыймылсыз мүлктөн баштап учакка чейин камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар. Буга мамлекет жардам берип, айылдарда, алыскы аймактарда кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын Элдияр Калдарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга келген туристтердин ден соолугун да камсыздандырууга болот.
"Жыл сайын Кыргызстанга туристтердин агымы көп болуп жатат. Алар камсыздандыруунун маанилүүлүгүн билгендиктен бул кызматты Кыргызстандан издей башташат. Учурда мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаңы механизмдерди иштеп чыкты. Эми туристтерге ден соолугун камсыздандырууну сунуш кыла баштадык. Өлкөдө жайкы эс алуу гана эмес, кышкы туризм да жакшы өнүгүп жаткан учуру. Ар кандай кырсык болгон учурда мамлекет туристтерге жардам көрсөтө алат. Кыргызстандыктар кандайдыр бир деңгээлде камсыздандыруунун маанилүүлүгүн моюнга албай жатышат. Камсыздандыруу учурдун талабы экенин түшүнүшүбүз керек, бул дүйнөдө көптөн бери колдонулуп келет. Бизде өз ыктыяры менен келип, турак жай же унаасын камсыздандырууга эч ким шашылбайт. Ал эми чет өлкөгө чыкканда баарыбыз камсыздандыруу полисин алууга чуркайбыз. Себеби ансыз бизди мамлекетине киргизбейт. Бирок Кыргызстан азырынча чет өлкөлүктөргө мындай талап кое албайт", — деди Калдарбеков.
Ал азыркы учурда ар бир жаран бул процедуранын толук жоопкерчилигин түшүнүшү үчүн өлкөдө камсыздандыруу маданиятын жайылтуу милдети турганын кошумчалады.