2-апрелде Бишкектин чыгышында суу болбойт. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. – Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 2-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Өчүрүү жергиликтүү суу кампадагы оңдоо иштерине байланыштуу.
Убактылуу чектөө Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полис Таун конуштарында, Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрүндө жана темир жол линиясында киргизилет.
Апрелдин алгачкы жумасында аба ырайы кандай болору айтылды