Бишкекке автобустардын экинчи партиясы келе баштады. Сүрөт

Жалпысынан газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Анын 500ү былтыр жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек шаарына автобустардын экинчи партиясы келе баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, калган 500 автобустун алгачкы 35 даанасы учурда шаарга жеткирилди. Бир ай ичинде толук жеткирилип бүтөт.
Эске салсак, былтыр президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келсе, быйыл калганы жеткирилмек.
"Автобустар толук келип бүтсө шаардагы коомдук транспортттун иши сезилерлик жакшырат. Маршруткалар автобустарга алмаштырылат. Коомдук транспорттун бул түрү газ менен жүргөндүктөн экологияга дагы зыяны жок.
Дизель майы менен жүргөн миңден ашык кичи маршруттук каттамдар шаардын сыртына чыгарылат", — деди мэрия.
Мындан тышкары, калаа бийлиги "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы" тарабынан каржыланган долбоордун алкагында газ менен жүрүүчү 250 автобус алмай болсо, алардын 124ү жеткирилип, учурда каттап жатат.
Мэрия: Бишкектеги автобустун эң мыкты айдоочусу 98 миң сом айлык алды