БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Аксы районунда мектеп окуучусу бычак жеп каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
"31-март күнү 18 жашатагы 11-класстын окуучусу К.М саат 16:30дар чамасында чачтарачка барган. Аны менен катар 16 жаштагы 9-класстын окуучусу М.Д. кезекте турган. Өспүрүмдөрдүн ортосунда чыр чыгып, окуучунун бири экинчисин бир урган. Натыйжада М.Д. башы дубалга урунуп, ордунан турганда К.М. бутуна жана бетине бычак менен сайып жиберген", — деп айтылат маалыматта.
Милиция 11-класстын окуучусу К.М ооруканага жеткирилип, реанимацияда каза болгонун белгиледи. М.Д. да ооруканага жаткырылган.
"Кылмыш иши бейбаштык беренеси боюнча козголгон, бирок тергөө учурунда айыптын беренеси өзгөрүшү мүмкүн", — деди ОИИБ.