Адис: билим берүү реформасын эмгек рыногуна жараша жүргүзүү керек

Адис коңшу Казакстанда 12 жылдык билим берүү каражаттын тартыштыгынан толук киргизилбей калганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Экономист Кубат Рахимов билим берүү системасын экономикалык көз караш боюнча кантип куруу керектигин Sputnik радиосуна айтып берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мектептеринде 12 жылдык билим берүүнү киргизүү пландалууда. Бийликтин айтымында, бул окуу программасынын жүгүн жеңилдетип, мектеп окуучуларына кесипке багыт алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Рахимов мектептик билим берүү системасын реформалоо биринчи кезекте эмгек рыногунун суроо-талабын эске алуу менен башталышы керектигин белгиледи.
"Эмгек рыногу баарын чечет. Анткени рынок мектептердин, колледждердин жана ЖОЖдордун кардары. Баланын мектепте канча убакыт өткөрөрү, 11 же 12 жыл окуганы сыяктуу нерселердин баары кийинки орунда турат. Эгер бала эмгек рыногуна чыкканда кереги жок адам болуп калса анда ал бүтүргөн мектептин эшигине кулп илип койсо болот. Бизде баалоо системасы жок. Бүтүрүүчүлөр окуусун кайсы жакта улантканын жана кандай жумушка орношконун билүү абдан маанилүү", — деди Рахимов.
Ал коңшу Казакстанда 12 жылдык билим берүү каражаттын тартыштыгынан толук киргизилбей калганын эске салды.
Радио
12 жылдык окуу моделине өтүү. Министрдин түшүндүрмөсү