БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 8000 түп жаңгак көчөтү отургузулат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, көчөттөр Ачы, Каба токой чарбаларынын 20 гектар жерине тигилет. Бул аймак Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Жалал-Абад облустук мамлекеттик токой фондунун карамагында турат. Жумуш "Жашыл мурас" фонду менен биргеликте аткарылмакчы.
Мындан тышкары, Тоскоол-Ата токой чарбасына дарактын 1000ге жакын көчөтү токойду толуктоо максатында отургузулары кошумчаланды. ӨКМ бул иш-аракеттер президент Садыр Жапаровдун "2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.