"Бул жылы мектептердин жана мектептен тышкаркы мекемелердин педагог-хореографтары үчүн "Бийлердин көп түрдүүлүгү" боюнча квалификация жогорулатуу курсу 2024-жылдын 25-мартынан 29-мартына чейин өткөрүлдү. Быйыл республика боюнча 48 бий мугалими окутууга катышты. Бул курстар Билим берүү жана илим министрлиги менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун колдоосу менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору тарабынан уюштурулду. Программа кыргыз бийинин тарыхын, элдик жана заманбап бийлердин негиздерин, курстун катышуучуларынын бий коюусу жана "Сейтек" борборунун чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасын камтыды. Кыргызстанда 80 улут болсо, алардын ар биринин улуттук бийлери үйрөтүлүп, аны жайылтууга далалат кылып келебиз. Окутууда кыргыз, молдован, татар, индиянын хатхак жана заманбап бийлердин элементтери, техникасы үйрөтүлдү. Өлкөдө жети ансамбль бар. Алардын ар биринин репертуарында 50дөн 70ке чейин бийдин түрү коюлат. Бардык бий мугалимдеринин базалык билими бар. Бул бийчилер үчүн абдан маанилүү", — деди Балтабаева.