Актуалдуу темадагы спектаклдер аз. Министр театр жетекчилеринин ишин сындады

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов театр жаатында актуалдуу темадагы спектаклдер аз, жаңы идеялар жок болуп жатканын айтып, театр, оюн-зоок мекеме жетекчилеринин ишин сынга алганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Максутов бул тармакка мамлекет чоң колдоо көрсөткөнү менен мекеме жетекчилери өз ишине кайдыгер мамиле жасап жатканын айтып, бир катар талаптарды койду.
"Министр жетекчилерге репертуардык коюмдардын сапатын жогорулатуу, көрүүчүлөрдү театрга тартуу, бирдиктүү билет системасын киргизүү жана контракттык негизде иш алып баруу, жаш таланттарды колдоо, аларга стимул берүү, гастролдук иш сапарды пландуу уюштуруу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди", — деп жазылат маалыматта.
Радио
Чүй облустук драма жана сатира театрына куудулдар штаты ачылат