Өлкөдө лизинг келишимин түзгөндөр 1,7 эсеге көбөйдү

Жыл ичинде бул боюнча 3000ге жакын келишим түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 2023-жылы Кыргызстанда лизинг ишмердүүлүгүн 20 компания жүргүздү. Компаниялар менен жыл ичинде 3000ге жакын келишим түзүлгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 2022-жылы лизинг келишимин түзгөндөрдүн саны 2 миңге жакын болгон.
2023-жылы мындай келишимдердин жалпы наркы 6,8 миллиард сомго жетип, 2022-жылдагыдан 1,7 эсеге көбөйгөнү айтылды.
Өткөн жыл ичинде лизингге көбүнчө курулуш, жол техникалары алынган. Ал жалпы баанын 44,2 пайызын түзгөн. Транспорт каражаттары 27,8 пайызды, айыл чарба техникасы 23,1 пайызга жеткен.
Радио
Министрлик: айыл чарба техникасынын лизингин 10 млрд. сомго жеткирүү зарыл