Көөнө Сөз

Манасчы "апси" деген сөз эмнени түшүндүрөрүн айтты

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манастагы "апси" деген сөз алкым, кулкун, сук дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөз айрым учурда напси деп дагы колдонулат.
"Манаста "апси" деген көөнө сөз кездешет. Айрым учурда ал напси деп колдонулат. Анын мааниси алкым, кулкун, сук дегенди билдирет. Алмамбет Көкчөдөн чыгып Манаска аттанганын сүрөттөгөн саптарда бул сөз көп кездешет", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр тилдин байлыгы экенин кошумчалады.