Израилдин борборунда миңдеген адам митингге чыгып, эки талап койду

Акыркы апталарда өлкөдө өкмөткө каршы нааразылык акциялары кайрадан башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Тель-Авивде өкмөткө каршы митингдер өтүп, кеминде 10 адам кармалды. Бул туурауу РИА Новости жазды.
Нааразычылыкка чыккан миңдеген адам Израилде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү жана 176 күндөн бери Газа тилкесинде барымтада кармалып тургандарды бошотуу боюнча тез арада келишим түзүүнү талап кылышты.
"Полиция Тель-Авивде өкмөткө каршы митингде башаламандык жаратып, барымтадагыларды бошотууну талап кылган 10 адамды кармаганын билдирди", — деп айтылат Times of Israel басылмасы жазган маалыматта.
Полиция билдиргендей, айрым демонстранттар коомдук тартипти бузуп, күч түзүмдөрүнүн өмүрүнө коркунуч келтирген. Акцияга чыккандардын 200дөйү полициянын тосмосунан ашып өтүп, өлкө премьери Биньямин Нетаньяхунун Иерусалимдеги резиденциясынан 90 метрдей алыстыкта митинг кылып жатканы айтылды.
Акыркы жумаларда Израилде өкмөткө каршы митингдер кайрадан башталды. Ага көбүнчө соттук реформалар себеп болчу. Нааразычылыктар 2023-жылы ХАМАСтын чабуулунан кийин басаңдап калган.
БУУ Орозодо Газада атышууну токтотууну талап кылды, Израиль макул болгон жок