Челябинскидеги жол кырсыгында кыргызстандык 51 жаштагы аял көз жумду

Маркум отуруп бараткан унаадагы төрт киши ооруканага жеткирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Россиянын Челябинск облусунда жол кырсыгынан кыргызстандык 51 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Каргаша 29-мартта Челябинск — Троицк унаа жолунун 93-чакырымында катталган.
1 / 2

Россиянын Челябинск облусунда жол кырсыгынан кыргызстандык 51 жаштагы аял көз жумду

2 / 2

Каргаша 29-мартта Челябинск — Троица унаа жолунун 93-чакырымында катталган

ТИМ Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдук каза болгон жарандын жакындары менен байланышып, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөткөнүн белгиледи. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү аракети көрүлүп жатат.
Ал эми Челябинск облусунун Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгы Toyota Alphard рулду башкара албай маңдайындагы ГАЗ менен сүзүшкөнүн маалымдады. Натыйжада биринчи машинадагы жүргүнчү аял мүрт кетип (кыргызстандык), дагы төрт киши ооруканага жеткирилген.
Самарадагы жол кырсыгынан 6 киши каза болду. Арасында кыргызстандыктар бар