БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги апрелдин алгачкы жумасында өлкөдө аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Апта ичинде аба ырайы өзгөрүп турат. Айрым аймактарда жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшүшү мүмкүн. 1-апрелге караган түнү Чүй облусу менен Таластын тоолуу жерлеринде үшүк жүрөрү айтылды. Бишкекте жаан жаабайт, күн жылуу болуп, абанын температурасы орточо 14...16 градус, жума этегинде 18...20 градуска чейин жогорулайт.
Чүй, Талас облустары
Бүгүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлүүдө. 1-апрелге караган түнү тоолуу аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. 1-апрель күндүз жана 2-апрель түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-3-апрелде күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаашы мүмкүн. 4-5-6-апрелде дыйканчылык аймактарда күн ачык болуп, абанын температурасы 15...20 градуска чейин жылымакчы.
Ал эми Талас облусунда 3-4-апрелде жамгыр жааса, башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Күн ачык болуп, абанын температурасы 16...18 градуска чейин жетет.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Ош, Баткен облустарында бул жума жаанчыл болору айтылды. 5-апрелден башка күндөрү жамгыр себелеп, тоолуу аймактарына кар жаашы ыктымал. Анткен менен абанын температурасы 17...22 градус, апта этегинде 21...23 градуска чейин ысый турганы болжолдонду.
Жалал-Абадга жаан 4-6-апрель күндөрү жаашы ыктымал. Башка күндөрү күн жылуу болуп, абанын температурасы 17...22 градус, апта соңунда 21...23 градуска чейин жогорулашы ыктымал.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Ысык-Көл облусунда 2-апрелден 4-апрелге чейин күн жылуу болору айтылды. Башка күндөрү айрым жерлерге жамгыр, кээ бир тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -2 градус суук болсо, күндүз 12...18 градуска чейин жылыйт.
Нарында 1-5-апрелде жамгыр жааса, 2-3-4-6-апрелде күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 10...15 градуска чейин жогорулайт.