1-апрелге карата аба ырайы

1-апрелге караган түнү Ысык-Көл менен Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Баткен өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Ысык-Көлдө +7...+12 жана Нарын жергесинде +6...+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14...+16, Ошто +15...+17 градуска көтөрүлөт.
Апрелдин алгачкы жумасында аба ырайы кандай болору айтылды