ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түздү. Министрликтин маалыматы

Министрлик үч жылдагы жетишкендиктери менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 2023-жылдын соңунда Кыргызстанда ИДПнын жан башына көлөмү 1 969 долларга жеткенин Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Салыштыруу үчүн 2021-жылдын жыйынтыгы көрсөтүлгөн, анда ал 1 350 доллар болгон.
Соңку үч жылда экономикалык өсүш орточо 6,9 пайызды түздү. Фискалдык реформаларды камтыган чаралар комплекси ишке ашырылганы белгиленди.

“Бул экономиканын туруктуулугун жана анын ковидден кийинки жана учурдагы геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашуусун билдирет”, деди министрлик.

Ошондой эле 2015-жылдан 2020-жылга чейин калктын жан башына ИДП орточо 1,6 пайызга өскөндүгү белгиленди. Ал эми экономикалык өсүш орточо 4,3 пайызды түздү.
Министрлик калктын жан башына ИДПнын көлөмү өлкөдөгү жашоонун материалдык деңгээлин чагылдырган негизги көрсөткүч экенин эскертет. Анын өсүшү жарандардын экономикалык абалынын, анын ичинде материалдык байлыктарга, кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жогорулаганын билдирет.
Экономикалык өсүш ушундай темпте сакталса 2032-жылга карата Кыргызстан кирешенин орточо көрсөткүчтөн жогору болушуна жетише алат.
ТЭЦтен чыккан күлдү кайра иштетүүчү Чүйдөгү завод августта ишке кирет