ЕАЭБде роумингди тарификациялоо эрежесин кабыл алуу пландалууда

Эреже кабыл алынса жарандар биримдиктеги өлкөлөрдүн баарында байланышты өз үйүндөгүдөй тариф менен колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жыл соңуна чейин ЕАЭБде роумингди тарификациялоо эрежесин кабыл алуу пландалууда. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эреже кабыл алынса жарандар биримдиктеги өлкөлөрдүн баарында байланышты өз үйүндөгүдөй тариф менен колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевич компания бааны уюлдук операторлордун жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен өз алдынча аныктай турганын кошумчалаган.
КР ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколун ратификациялады