Министрлик дыйкандарга түстүү капуста, брокколи өстүрүүнү үйрөтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Өсүмдүктөрдү экспертизалоо департаменти адистер менен биргеликте дыйкан-фермерлерге жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча онлайн-семинар өткөрдү. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Анда башка өлкөлөрдө суроо-талап көбөйүп жаткан түстүү капуста, брокколи, брюссель капустасын жана жашыл буурчакты Кыргызстанда туура эгип өстүрүүнү үйрөтүшкөн. Ошондой эле чет өлкөлөргө экспорттоо, андан киреше табуу жолдору тууралуу маалымат берилген.
Жогоруда аталган жашылчаларды аймактарда өстүрүү региондорго экономикалык жакшы пайда алып келери белгиленди. Мисалы, Нарын облусу брюссель капустасын өстүрүүгө абдан ыңгайлуу, ал негизинен аба ырайы катаал Бельгияда гана өстүрүлөт. Жашылча 5-6 айда бышат.
Жашыл буурчакты отургузуудан мурун туура жерди жана убакытты тандап, үрөндү камдап алуу керек.
Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча жашылчаларды керектөө көбөйүүдө. Брокколини тамак-ашка гана колдонбостон, түшүм жыйнап бүткөндөн кийин малга тоют катары берсе да болору айтылды.
Быйыл Чүйдүн 46 гектар кайрак жери өздөштүрүлүп, жүзүм тигилет