Казакстандын аймактарында суу ташкынынан 7,7 миң адам эвакуацияланды. Видео

Убактылуу жайгаштыруу пунктуларына 3 131 киши жеткирилген, анын ичинде 1093ү — балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Казакстандын аймактарында суу ташкындап, 7 783 адам эвакуцияланды, анын 2800ү — балдар. Бул тууралуу Sputnik Казакстан өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып жазды.
Билдирүүгө ылайык, убактылуу жайгаштыруу пунктуларына 3 131 киши жеткирилген, анын ичинде 1093ү — балдар.
Куткаруу иштерине 6000 адам тартылган. Алар 3000 техника жана 12 тик учак менен иш алып барууда.
Республикалык штаб суу каптаган Актөбө, Акмоло, Костанай, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустарын көзөмөлгө алган.
ӨКМ жана жергиликтүү аткаруу органдары суу ташкындаган аймактардан 3,5 миллион куб метр суу сордурган.
28-мартта жаратылыш кырсыгына байланыштуу Костанай облусунун үч районуна, 29-мартта Абай облусундагы Аксаут районуна, Актөбө облусуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Кийинчерээк мындай кырдаал Кылшакты дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Көкшөтоодо да кабыл алынган.
Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен жаракат алгандардын саны 24кө жетти