Садыр Жапаров Бишкектеги автобус оңдогон борборго барды. Видео

Президент автобус оңдогон жайда иштеген малярдын айлыгын көтөрүп берүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, Бишкектеги муниципалдык автобустарды оңдогон борборго пландан тышкары барганын президенттин маалымат катчысы билдирип, видеосу менен бөлүштү.
Кадрлардан мамлекет башчы менен кошо аталган жайга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да барганын көрүүгө болот.
"Алар техникалык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышты. Кыдыруу учурунда мамлекет башчы Бишкекте коомдук транспорттун иштөөсү кыйла жакшырганын, жыл сайын муниципалдык автобустардын саны көбөйүп жатканын белгилеген. Президент жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн унаалардын техникалык абалына жана айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды", — деп жазган Алагөзов.
Садыр Жапаров автобустун чийилген жерлерин сырдап оңдогон малярдын айлыгына кызыккан. Ал жумасына беш күн иштеп, эки күн эс алып, 26-27 миң сом айлык аларын айтканда, президент бул акча аз экенин айтып, мэрге маянасын жогорулатып берүүсүн тапшырган. Президент Бишкек ТЭЦине да пландан тышкары барган. Ал 2-февралдагы жарылуудан кийин оңдоо иштери кандай жүрүп жатканын көрүп, ТЭЦтеги бардык пландаштырылган иштер белгиленген мөөнөттө бүтүшү керектигин кошумчалаган.
Мэрия: Бишкектеги автобустун эң мыкты айдоочусу 98 миң сом айлык алды