Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Аягы жакшы болбойт". Берлиндин Украина боюнча билдирүүсү

Германия аткаминери конфликтини токтотуп туруу идеясына каршы экенин белгилеп, мындай чечимди Украина гана кабыл алышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Украинадагы согуш жакын арада жакшылык менен бүтөрүнө ишенүү кыйын. Мындай оюн Германиянын вице-канцлери, экономика иштери боюнча министри Хабек социалдык тармакка жүктөгөн видеосунда айтканын РИА Новости жазды.
"Калыс, ачуу жооп ушундай: биз башка нерсени кааласак дагы жакында жакшы жыйынтык менен аяктабайт", — деген ал.
Муну менен катар эле аткаминер жаңжалды токтото туруу идеясына каршы экенин белгилеп, мындай чечимди Украина гана кабыл алышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Хабектин пикиринде Россия толугу менен согуштук жолго түшүп, аны бир кыйла күчөтүүдө. Айтымында, Германия менен Европа болушу мүмкүн делген кооптуулуктарга даярданышы керек.
Вице-канцлер Укрианага аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууну колдой турганын айтып, анткен менен элдин абал чыңалып кетет деп коркуп жатканын да түшүнөрүн белгилеген.
"Мен дагы тынчсыздануудамын", — деди Хабек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Польша генералы: Украина согушта миллиондогон адамынан ажырады