"Борбор Азия — Кытай" катчылыгы түзүлүп, ачылыш аземине элчи катышты. Сүрөт

Катчылык Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну жакшыртуу максатында уюшулган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кытайдын Сиань шаарында "Борбор Азия — Кытай" катчылыгынын ачылыш аземи болуп, ага Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева катышканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Кытайдын Сиань шаарында "Борбор Азия — Кытай" катчылыгынын ачылыш аземи болуп, ага Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева катышканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Кыргызстандын элчиси Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин куттуктоо катын окуп, катчылык Борбор Азия менен Кытайдын мамилесин мындан ары бекемдөөгө маанилүү жана олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди

Салтанаттуу иш-чарага Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун, "Борбор Азия - Кытай" катчылыгынын аткаруучу директору У Инцин, Борбор Азиянын Кытайдагы дипломатиялык миссияларынын башчылары жана башка расмий ɵкүлдɵрү катышкан.
Кыргызстандын элчиси Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин куттуктоо катын окуп, катчылык Борбор Азия менен Кытайдын мамилесин мындан ары бекемдөөгө маанилүү жана олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.
Катчылык Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну жакшыртуу, мамилени бекемдөө максатында уюшулган.
Акылбек Жапаров Кашкарда ишкерлерге Кыргызстанга инвестиция салууну сунуштады