Россия менен Кыргызстан террорчулукка биргеликте каршы турат

Бишкекте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жолугушту.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия террорчулукка биргеликте каршы турат. Бул тууралуу Россия ТИМи билдирди.
Бишкекте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Александар Грушко менен Айбек Молдогазиев Борбор Азия жана андан тышкаркы чөлкөмдөрдөгү абал, Европадагы жагдай тууралуу пикир алышты.

"Борбор Азиядагы туруктуулукту сактоодо, радикализм, террорчулук, баңгизатты мыйзамсыз өндүрүү жана айландыруу боюнча мамлекеттер аралык кооптуулукка каршы турууда аймактардын күчүнүн артыкчылыктары белгиленди. Ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУнун ролун арттыруу, бул уюмдар алкагында өз ара алакаларды бекемдөө талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар аймактык жана европалык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча тыгыз диалогду улантуу ниетин бекемдешти.
Пресс-борбор
Кыргызстан Россия менен биокоопсуздук жаатында кызматташуудан эмне табат?